• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарын облусу боюнча жалпы 226 ишкердик субъект ишке кирген

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов 1-майдан тарта облус боюнча жалпы 226 ишкердик субъект ишке киргендигин билдирди.

Ал брифингдин жүрүшүндө маалымдагандай, алардын баардыгында санитардык-гигиеналык эрежелер сакталышы керек. Ар бир ишкана жетекчисине кызматкерлердин коопсуздугун сактоо чараларын камсыз кылуу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөн.

"Нарын облусунда тоо кен тармагындагы ишканалар жумушка кирип жатат, негизинен булар көмүр ишканалары. Жумгал жергесинде жайгашкан 16 ишкана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында өз ишин баштады. 1-майдан бери жалпы 23 өнөр жай өндүрүш ишканасы, 4 базар, курулуш товарларын жана унаа тетиктерин саткан 90 дүкөн, 23 чач тарач, техника оңдоочу, май алмаштыруучу 39 жай, 18 унаа жуучу жай, 28 такси кызматы жана 8 мончо иштеп жатат", - дейт ал.

Өкмөттүн өкүлү кошумчалагандай, Калкты тейлөө борборлору, акча алмаштыруучу жайлар, ломбард, эмерек чогултуу жана оңдоо, коомдук мончолор, мал базар, мал соючу жайлар азырынча иштеген жок.

"Санитардык-эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин бир катар чектөөлөр улантылат. Тактап айтсам, массалык маданий иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Көңүл ачуучу, соода оюн-зоок борборлорунун, театр, кинотеатр, музей, көргөзмө залдардын, сауна бассейндердин, интернет клубдардын ишине азырынча тыюу салынган" - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий