• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Нарын облусу Памирлик кыргыздарды кабыл алууга даяр

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Мындай маалыматты Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов кечээ, 2017-жылы 9-мартта Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев менен болгон жолугушууда билдиргенин Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура маалымдады.

Миграция кызматынын билдирүүсүндө бир канча жылдан бери памирлик кыргыздарга жылына экспедиция уюштурулуп, керектүү азык-түлүк, дары-дармектер жеткирилип келет. Өкмөттүн тапшырмасына ылайык, этникалык кыргыздардын жаш балдарынын ден-соолугуна кам көрүү жана сабатсыздыгын жоюу боюнча иштиктүү аракеттерди көрүү максатында Афган бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Макулдашуулардын негизинде Памир кыргыздарынын балдары ата-энеси менен үстүбүздөгү жылы Кыргызстанга алып келүү пландалган. Алардын басымдуу бөлүгү 6 жаштан 30 жашка чейинки адамдар экени маалымдалды. Учурда документтерин тактоо иштери жүрүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Кайыпов аталган маселе акимдер менен талкууланып, памирлик туугандарды колдоого алуу менен тийиштүү жардам берилээрин айтты. Памирлик кыргыздар деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктиктен жогору жакта жашагандыктан, алар адаптация алгыча республиканын тоолуу аймагы болгон Нарын облусуна алып келинип, 2 ай аралыгында медициналык көзөмөлдө болот. Андан соң алардын жергиликтүү шарттарга көнүүсүн жана коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн экиден үй-бүлөнү облустун ар бир районуна жайгаштыруу боюнча дагы деталдуу сүйлөшүүлөр болоорун облус башчы билдирди.

Кыргызстанга келүүчү памирликтер жаш өзгөчөлүктөрү ар башка болгону менен сабатсыздыгы бирдей. Андыктан, Өкмөттүн атайын тапшырмасы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын программа иштелип жаткандыгын кошумчалады миграция кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий