• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусу: Селден коргоочу канал тазаланууда

Аймак 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Нарын облусугда селден коргоочу канал тазаланууда, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-июлунда Нарын районунун Он-Арча айыл аймагынын Оттук айылында тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Оттук айылынын күн чыгыш тарабындагы тоолордогу 5 коктулардан түшкөн кыян суулары айылдын үстү менен өткөн айыл өкмөттүн карамагындагы жалпы 3 миң 900 метр узундуктагы сугат жана селден коргоочу каналдын ичин толтуруп, жалпы1 гектер айдоо аянттарын каптап кеткен.

2020-жылдын 7-августунан тартып 86 турак жайларды коргоо жана каналды тазалоо максатында министрликтен Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 1 миң 500 литр күйүүчү май бөлүнүп берилип, атайын техниканын күчү менен 2 миң 100 метр аралыгы тазаланууда.

Пикир

Оставить комментарий