• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын облусунда 17 айылда таза суу жок

Аймак 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Нарын облусунда 17 айылда таза суу жок. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Семетей Черикбаев билдирди.

"Нарын облусунда 135 айыл бар. Анын ичинен 17 айылда таза суу жокко эсе болсо, 24 айылда таза суу системасы эскирген. Таза суу тартуу үчүн Нарын облусуна 32 млн долларлык долбоор каралган. Ал каражат 28 айылга жетет деп айтылып жатат. Тендерлер өткөндөн кийин каражаттар үнөмдөлөт. Үнөмдөлгөн каражатка
42 айылдын баарына таза суу тартабыз деп пландап жатабыз. Быйыл жыл аягына чейин долбоордук-сметалык документтер даяр болсо, келерки жылдын жаз айынан баштап айылдарга таза суу киргизиле баштайт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий