• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нарын облусунда 18 жасалма дем алдыруучу аппараты бар - Алымкулов

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Нарын облусунда 18 жасалма дем алдыруучу аппараты бар. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча 5 миң 179 коргоочу кийим, 4 миң 764 респиратор жана 18 жасалма дем алдыруучу аппараты бар. "Бир айга керектелүүчү медкаражаттардын саны боюнча айтсам 12 миң 607 коргоочу кийим, 7 миң 56 респиратор жана дагы 12 жасалма дем алдыруучу аппарат керек экен", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти. Алардын ичинен 140ы медицина кызматкери. Коронавирустан 201 жаран айыкса, каза болгондордун саны 7 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий