• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө болду

Коом 0

Бишкек, 15.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Нарын облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү саат менен 08:36да болгон.

Жер силкинүүнүн күчү Эпкин, Туз, Ак-Чий жана Чолпон айылында 3 баллга, Кум-Дөбө, Комсомол, Көк-Жарда 2,5 балл, ал эми Кочкордо 2 баллга жеткен.

Жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий