• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунда 3 негизги пост иштеп жатат - Алымкулов

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Нарын облусунда район, айылдар ортосундагы посттор алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 22-мартта өзгөчө кырдаал киргизилгенден бери коюлган 3 пост учурда дагы иштөөдө. “Ал учурда жалпы 19 пост, кийин 11 пост калган. Жакында эле облустук штабдын жыйыны өтүп, посттордо иштеген укук коргоо, медициналык кызматкерлер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чарчагандыктан жана ал посттор натыйжа бербегендиктен аны алып салуу чечими чыкты. Учурда Кочкор, Жумгал жана Ак-Талаа райондорундагы 3 негизги пост иштеп жатат”, - дейт ал.

Алымкулов белгилегендей, учурда Нарындан Бишкек жана Чүй облусуна жүрчү каттамдар азайтылууда.

Пикир

Оставить комментарий