• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын облусунда 3 санитардык-карантиндик, 10 фильтрациялык посттор уюштурулган

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында инфекциялык илдети алдын алуу, эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу, жайылтууга бөгөт коюу максатында, коопсуздукту сактоо жана жол кырсыктарын алдын алуу багытында Нарын ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан бир катар иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунда «Сары-Чат», Жумгал районунда «Арал» жана Ак-Талаа райондорунда «Ак-Тал-Чат» санитардык-карантиндик посттор уюштурулган.

Мындан сырткары, жалпы облус аймагында 10 фильтрациялык посттордо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер ӨКМ, Саламаттык сактоо министрлигинин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана элдик кошуундар менен биргеликте жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

22-марттан тартып облустук ЖКККБ кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 121 айдоочуга протоколдор түзүлүп, атайын унаа токтотулуучу жайга 22 автоунаа токтотулду.

Жумгал районунун “Арал” санитардык-карантиндик посттунан милиция кызматкерлерине баш ийбей жана зомбулук көрсөткөндүгү үчүн 2 жаран кармалып, Жумгал РИИБине өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, Нарын облусунун аймагында жарандардын күнүмдүк керектөөсүн жана саламаттыгын камсыз кылуу максатында, облустун аймагында иш алып барып жаткан посттордо азык-түлүк, курулуш материалдарды жана башка калктын муктаждыгын жараткан негизги товарларды камсыз кылган жүк ташыган автоунааларды кылдат текшерүүгө алып, тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча иш колго алынууда.

Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнын жетекчилиги тарабынан кызмат өтөөгө чыккан кызматкерлерге, мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык тартипти бузбоо, жарандар менен сылык мамиледе болуу, кырдаалга байланыштуу жетекчилик тарабынан берилген тапшырмаларды убагында так аткаруу жана өздүк коопсуздукту сактоо боюнча нускамалар күн сайын өткөрүлүп, көзөмөлгө алынууда.

Пикир

Оставить комментарий