• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусунда 4 миң 586 адамга 3,6 млн сомдук азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Нарын облусунда 4 миң 586 адамга 3 млн 668 миң 600 сомдук азык-түлүк таратылды. Бул туутралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, Нарынга мамлекеттик материлдык резервдер фондунан 281 тонна ун келген, ал 5 миң 622 үй-бүлөгө таратылып берилди..

"Республикалык бюджеттен акча бөлүнүп, Нарын облусундагы 4 миң 586 адамга 3 млн 668 миң 600 сомдук азык-түлүк берилди. Анын ичинен Миңгуш айылында 411 үй-бүлөгө 328 миң 800 сомдук азык берилди, Ат-Башы районунда 2 миң 156 үй-бүлөгө 1 млн 724 миң 800 сомдук азык берилсе, Нарын шаарында 2 миң 19 адамга 1 млн 615 миң сомдук тамак-аш таратылды", - дейт ал.

Алымкулов кошумчалагандай, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан Нарын шаарына 1 млн сом бөлүнүп, ага 1 миң 250 адамга жарам көрсөтүлгөн.

"Бүгүнкү күндө облус боюнча жалпы 16 миң 701 үй-бүлө жардам алды. Анын ичинен 5 миң 961 үй-бүлө материалдык резервден, 1 миң 661 үй-бүлө Соцөнүктүрүү министрлигинен, 193 үй-бүлө жергиликтүү бюджеттен, 8 миң 886 үй-бүлө демөөрчү тарабынан жардам алышкан. Жардамдын ичине 636 тонна ун, 19 тонна макарон, 27 миң 401 литр өсүмдүк майы, 11 тонна күрүч, 16 тонна кумшекер, 1 миң 578 кг эт, 1088 кг чай, 250 миң 500 сом акчалай жардам, 97 миң 548 даана беткап, 1 миң 471 литр антисептик жана 2 миң 130 колкап кирет", - деп маалымдады Алымкулов.

Пикир

Оставить комментарий