• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусунда 6 миңдей жеке коргоочу костюм жана 18 жасалма дем алдыруучу аппарат бар - Алымкулов

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарын облусунда 6 миңдей жеке коргоочу костюм жана 18 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда 5 миң 843 даана жеке коргоочу костюм, 6 миң 629 даана респиратор жана 18 даана жасалма дем алдыруучу аппарат бар.

"Республикалык штабдан катуу талаптар коюлган. Анда жер-жерлерде иштеп жаткан медкызматкерлерди жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөр берилген. Облус боюнча райондук үй-бүлөлүк борборлордо жана башка ооруканаларда беткап, коргоочу кийимдер жетиштүү. Бул боюнча күн сайын текшерүүлөр жүрүүдө", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий