• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нарын облусунда 664 адам үй карантининде болууда – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда 664 адам үй карантининде болууда. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда коронавирус жуктурган жалпы 194 учур катталган.

"Анын ичинен үч адам чет жерден келгендер. 545 адам үй карантининен чыгарылган. Учурда 664 адам үй көзөмөлүндө болууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-майга карата коронавирус жуктурган 27 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1243тү түзөт. Алардын ичинен 898 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий