• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын облусунда 70 жаштан ашкан 9246 адам бар

Аймак 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 1-октябрында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов 100 жаштан ашкан кары адамдарды куттуктады. Бул тууралуу аталган облустун өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Облус башчы алгач Нарын шаарынын тургуну 103 жаштагы Арсар апанын үйүндө болуп кары адам менен баарлашты. Жыл сайын келип учурашып, карыяларга көңүл бөлүп жаткан жетекчиге Арсар апа ыраазычылык билдирип, каалоо-тилектерин айтты.

Андан соң А.Кайыпов шаар тургуну 100 жаштагы Жамийла апа менен учурашып белектерин тапшырды. Карынын кызы менен маектешип, улгайган адамды бапестеп багып жаткан үчүн ыраазычылык билдирди.

Учурда облус аймагында 70тен жогору жаштагы 9246 адам бар. Анын ичинен 100 жаштан ашканы 20.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн» жыл сайын өткөрүү жөнүндө токтомуна ылайык облустун бардык аймактарында 15-сентябрынан 15-октябрына чейин 1 айлык акция жарыяланып, жергиликтүү бийлик, тийиштүү кызматтар жана демөөрчүлөр тарабынан карыларга камкордук, социалдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий