• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын облусунда 8 айдын ичинде 78 өрт кырсыгы катталган

Аймак 0

Бишкек 26.09.18. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында жыл башынан бери катталган өрттөрдү өчүрүүгө барган өздүк курамдын чечкиндүү жана натыйжалуу аракеттеринин натыйжасында өрттөрдөн 21 млн.532 миң сомдук материалдык баалуулуктар жана 3 даана автоунаа сакталып калынган. Бул тууралуу КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Шонкоев Токтобек Казиевич билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда 2018-жылдын 8 айында 78 өрт кырсыгы катталган, анын ичинен 153,5 тонна тоют өрттөнүп кеткен.

Катталган өрт кырсыктарынын ичинен 7 өрт кырсыгы балдардын от менен ойноосунан улам келип чыккан.

Бегилей кетсек, жыл башынан бери КР ӨКМнин Нарын облусундагы бардык райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү жергиликтүү шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча көптөгөн иш-чараларды өткөрүшкөн.

Жалпы облус боюнча 125 орто мектепте 1065 жаш өрт өчүрүүчүлөрдүн кошуундары түзүлүп, өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча иш алып барышкан. Ал эми 60 жалпы билим берүүчү орто мектептерде жана 21 бала бакчаларда өрт коопсуздугун сактоо боюнча бурчтар уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий