• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусунда айдоо аянттарды чегиртке каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган райондордогу айдоо аянттарын чегиртке каптаган.

Бүгүнкү күндө айдоо жердин дээрлик 55 миң га тазаланды.

13-июнда облуста Жарандык коргонуунун кезексиз отуруму өтүп, анын негизинде “Өзгөчө кырдаал” режимин киргизүү чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий