• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды - Черикбаев

Аймак 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Нарын облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Семетей Черикбаев билдирди.

Анын айтымында, облуста күндүзгү стационар катары ачылган 152 имаратта 1 миң 422 орун даярдалган.

"Аларга 38 миң 201 адам кайрылып, 4 миң 427 адам пневмониядан дарыланып чыкты. Бүгүнкү күнү бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Кудай сактасын, бирок экинчи толкун боло турган болсо аларды ачып иштеткенге даяр кармап турабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий