• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын облусунда бир күн ичинде 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алган

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарын облусунда бир ичинде 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал белгилегендей, өлкө боюнча 6 медицина кызматкери оорудан айыгып, бейтапканалардан чыгарылган.

"Жалпысынан республика боюнча коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 241ди түзөт. Алардын ичинен 186 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыккан", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-майга карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1037ни түзөт. Алардын ичинен 709 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий