• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунда бир нече мал уурдоо фактыларынын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.04.18 /Кабар/. 2018-жылдын 3-март күнү Нарын РИИБне Нарын районунун Кеңеш айылынын 47 жаштагы У.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Себеби, өткөн жылы бир баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, жогорудагы факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Нарын районунун 37 жаштагы Т.А. аттуу жашоочусу кармалган. Ошондой эле, 2018-жылдын 20-апрель күнү Кочкор РИИБне 49 жаштагы Д.С. аттуу жергиликтүү тургуну арыз менен кайрылып, 2018-жылдын апрель айында короодо турган бир баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, шектүү катары Кочкор районунун 20 жаштагы К.С. аттуу жашоочусу кармалган.

Мындан сырткары, 2018-жылдын 20-апрель күнү Жумгал РИИБне Жумгал районунун Байзак айылынын 49 жаштагы Ш.Т.аттуу тургуну арыз менен кайрылып, өткөн жылы жабырлануучунун короосунан бир баш жылкысы уурдалганын билдирип, ууруларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүсүн суранган. Аталган факты боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада жогорудагы кылмышка шектүү катары Жумгал районунун 60 жаштагы Ө.А., 39 жаштагы М.А. жана 34 жаштагы М.Б. аттуу тургундары кармалышкан.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий