• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусунда дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында коронавирус илдетин алдын алуу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын шаар, райондук бөлүмдөрү тарабынан залалсыздандыруу иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Токтобек Шонкоев билдирди.

“2020-жылдын 18-мартынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 480 523 м2 имараттын ичи, 1 218 965 м2 имараттын сырты, 2 590 577 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылып, иш-чарага 14 211 кг хлор, 215 литр суюк хлору, 600 хлор таблеткасы сарпталган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий