• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын облусунда добуш берүү жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү алгачкылардан болуп Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы №4067 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Нарын облусу боюнча 167 шайлоо участогунда добуш берүү жүрүп жатат. Нарын облусундагы айыл аймактарынын саны 63 жана 1 шаар бар. Ал эми жалпы участкалык шайлоо комиссияларынын саны 167 түздү. Шайлоо күнү иш алып бара турган операторлордун саны 567. Добуш берүү күнү колдонула турган идентификациялоо жабдууларынын саны 314. Ал эми автоматтык эсептөө урналарынын саны 334, АСУ операторлору 334.

384 ички иштер кызматкерлери, ошондой эле элдик кошуундун мүчөлөрү коомдук тартипти сактоо кызматында.

Жалпы шайлоочулардын саны 161 миң 895. Саат 10.00 карата шайлоочулардын 6,2% добуш берген.

Пикир

Оставить комментарий