• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Нарын облусунда эпидемиологиялык абал курчуп бара жатат – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Нарын облусунда эпидемиологиялык абал курчуп бара жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, облуска медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуу каражаттары жөнөтүлдү.

"Ар кандай себептер менен инфекциянын очоктору жаралды. Байланышта болгондордун арасында ооруну жугузгандар болуп жатат. Бул маселе республикалык штабда талкууланып жатат. Бизге эки гуманитардык жардам келди – аларды кечинде Нарын облусуна жөнөттүк. Ата-Башыда борбор калаадан жөнөтүлгөн 4 дарыгер иштеп жатат. Ошондой эле дарыгерлердин тобун Жумгал районуна жөнөткөнгө аракет кылабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 449га жетет. Алардын ичинен 78 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий