• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусунда эпидемиологиялык абал турукташты - өкүлчүлүк

Аймак 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Нарын облусунда эпидемиологиялык абал турукташты. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Анын айтымында, облуста коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктургандардын жалпы саны 1 миң 583тү түзөт.

"Алардын ичинен 680и коронавирус жуктургандар, калганы пневомния менен ооругандар. Алардын ичинен 1 миң 407 киши айыгып чыкты. Ооруканаларда 97 адам дарыланып жатат. Андан тышкары коронавирустун жеңил түрү менен ооруган 2 бейтап үйүндө дарыланууда. Тилекке каршы 77 адам каза болду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий