• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Нарын облусунда Юстиция үйү курулууда

Аймак 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында Юстиция үйүнүн курулуш аянтчасында капсула салуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жалпы аянты 99,51 чарчы метр болгон имаратта мамлекеттик нотариалдык кеңсе, калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Борбору жана аймактык пробация органы жайгаштырылып, калкка юстиция системасы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтары жеткиликтүү болот.

Бул иш-чарага Нарын облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы Гүлгакы Абдуллаева, Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Адыл Сапаров, Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов, Нарын облусунун Адвокатурасынын төрагасы Ыдырыс Асанов жана юстиция органдарынын кызматкерлери катышышты.

Нарын облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы Гүлгакы Абдуллаева Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнө өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, Жумгал районундагы курулуучу Юстиция үйүнүн капсуласын салуу калкка сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жана мыйзам үстөмдүүлүгүн колдоого өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

Белгилей кетчү нерсе, КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 15-р буйругу менен КР Юстиция министрлигине Юстиция үйлөрүн куруу үчүн 10,0 млн сом бөлүнүп берилген.

Юстиция үйлөрү төмөндөгү жерлерде жайгашат:

Жалал-Абад облусу – Таш-Көмүр шаары;

Жалал-Абад облусу – Ала-Бука айылы;

Ош облусу – Кара-Суу шаары;

Талас облусу – Покровка айылы (Манас району);

Ысык-Көл облусу – Жети-Өгүз айылы (Жети-Өгүз району);

Нарын облусу – Чаек айылы (Жумгал район).

Юстиция үйлөрүн курууну Юстиция министри Марат Жаманкулов юстиция органдарынын кызматкерлери тарабынан калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында демилгелеген.

Пикир

Оставить комментарий