• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунда изделип жаткан окуучу кыз Бишкектен табылды

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Нарын облусунда дайынсыз жоголгон 2010-жылкы Сыдыкова Айтурган аман-эсен табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыз 6-июнда Нарын облусунун Кочкор райнундагы үйүнөн чыгып Бишкекке келип, дайынсыз болуп жаткан.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБдин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бүгүн, 8-июнда кыз Батыш автобекетинен алыс эмес жерден табылып, райондук милицияга жеткирилген.

“Азыр анын ата-энеси жанында, жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциянын кызматкерлери алдын алуу иштерин жүгүзүшүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий