• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду

Коом 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-июнь күнү саат 19:49да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Кочкор районунун Орток, Кызыл-Дөбө, Комсомол, Ак-Талаа айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий