• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын облусунда күчү 4 жана 3 баллга жеткен эки жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 29-ноябрда саат 23:47де катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Кочкор районунун Туз айылында 4 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кум-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Кочкор, Кара-Суу айылдарында 3 балл, Мантыш, Семиз-Бел, Дөң-Алыш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 30-ноябрь күнү саат 02:18де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган (афтершок).

Жер титирөө Кочкор районунун Туз айылында 3 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кочкор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий