• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунда күчөтүлгөн тартипте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Нарын облусунда күчөтүлгөн тартипте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, коронавирус илдетинин алдын алуу максатында бүгүн, 6-августта Нарын шаарында, Ак-Талаа, Кочкор жана Жумгал райондорунун аймактарында министрликтин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрү тарабынан залалсыздандыруу иш-чаралар жүргүзүлдү.

Нарын облусу боюнча жалпысынан бир күн ичинде 397 миң 200 чарчы метр аянт дезинфекцияланган. Иш-чара өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий