• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунда командалык-штабдык машыгуулар өтүүдө - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 24нөн 26-октябрь күндөрү Нарын облусунда “Өзгөчө кырдаалдар болгондогу Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, кызматтарынын аракети” темасында командалык-штабдык машыгуу өткөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Токтобек Шонкоев билдиргендей, машыгуунун максаты Нарын облусунун аймагында өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо Нарын облусунун Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, кызматтарынын иш-аракеттерин жүргүзүү жана эвакуация пландарынын толуктугун жана тууралыгынын абалын аныктап чыгуу. Ошондой эле жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерин жүргүзүү жана жабыркаган адамдарды кабыл алуу, аларды жайгаштыруу жана ар тараптуу камсыздоо боюнча иш-чараларын практикалык түрдө аткаруу болуп санала тургандыгын кошумчалады.

Машыгуу эки этап менен өткөрүлөт, бүгүн, 25-октярь күнү өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу үчүн ЖК күч каражаттарынын кыймыл аракеттеринин жолдорун мерчемдөө жана чечим кабыл алуу, ал эми эртең иш-чаранын экинчи бөлүгүндө авариялык куткаруу жана кырсыктарды жоюу практикалык түрдө өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий