• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусунда коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 112 пункт ачылган

Аймак 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Нарын облусунда эмдөө иштерин жүргүзүү үчүн 112 эмдөө пункту ачылып, 40 мобилдик топ иш алып барууда. Бул тууралуу брифингде облустагы эмдөө иштери боюнча маалымат берип жатып президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы облус боюнча жалпы 28 миң 547 адам эмделген. Андан сырткары, бүгүнкү күндө 58 миң 136 вакцина бар.

“COVID-19 оорусуна каршы эмдөө жүргүзүү максатында биринчилерден медициналык кызматкерлер, күч органдарынын, билим берүү тармагынын кызматкерлери, өнөкөт оорулар менен ооругандар, 65 жаштан жогору улгайган адамдарга атайын уюштурулган убактылуу эмдөө пунктарында эмдөө жүргүзүлдү”, - деп билдирди Ашимбаев.

Пикир

Оставить комментарий