• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусунда матрезервден бөлүнгөн азык-түлүк өз дарегине жеткирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Нарын облусунда материалдык резервден бөлүнгөн азык-түлүктөр өз дарегине жеткирилүүдө. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине кирген өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон баа жогорулаганына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Нарын облусуна баасы 1 килограммы 65 сомдон 80 тонна кумшекер жана литри 124 сом 50 тыйындан 40 тонна өсүмдүк майы бөлүнгөн.

Учурда жергиликтүү бийлик тарабынан ушул азык-түлүктү алып келген чыгымдарын гана кошуу менен арзан баада элге жеткирүү иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күнгө чейин Нарын шаарына 40 тонна шекер 5 тонна май, Ат-Башы жана Жумгал райондоруна 10 тоннадан шекер, 5 тоннадан май алып келинип, атайын уюштурулган жарманкелерде элге сатылды.

Нарын шаарында 16,5 тонна, Ат-Башыда 1 тонна, Жумгалда 5 тонна кумшекердин калдыгы бар. Ал эми өсүмдүк майы Нарын шаарына дагы 5 тонна алынып келинет. Ат-Башыда 0,5 тонна, Жумгалда 3 тонна өсүмдүк майы сатыкта турат.

Материалдык резервден келген арзан баадагы өсүмдүк майы жана шекер Нарын шаарындагы борбордук базардын аймагында жайгашкан “Нарынбек”, “Чаргын”, “Байэл” жана “Береке” азык-түлүк дүкөдөрүндө сатылууда. Ал эми Ат-Башы районунда “Ырыскы” соода борборунда, Жумгал районунда “Наргиз”, “Султан” дүкөндөрүндө коюлган.

Ак-Талаа, Кочкор жана Нарын райондорунда уюштуруу иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрдө бөлүнгөн азык-түлүк аталган райондордо дагы сатыкка коюлат.

Мындан сырткары, мамлекеттин материалдык резервинен аз камсыз 21 миң 212 үй-бүлөгө 1060 тоннадан ашык ун бөлүнгөн.

Кочкор районуна 208, Жумгал районуна 206, Ат-Башы районуна 186, Ак-Талаа районуна 163, Нарын районуна 183, Нарын шаарына 113 тонна келет.

Азыркы учурда Жумгал, Кочкор райондоруна келип, дарегине жеткирүүдө. Калган райондорго жакынкы күндөрдө алынып келинет.

Пикир

Оставить комментарий