• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунда мектепти 3 миң 464 бүтүрүүчү аяктады

Аймак 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Бүгүн, 25-майда «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш чаралары Нарын облусунун 141 мектебинде өткөрүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы мектептин "Акыркы конгуроо" аземине катышып, келечек ээлерине ийгилик каалоо менен бирге, окуунун алдыңкыларына ыраазычылык каттарын тапшырды. Ошондой эле, облустун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин окуу жылдагы жыйынтыктарын белгилеп, ийгиликтери менен катар көйгөйлөрүнө дагы токтолду. Ата-энелерге мугалимдер менен биргеликте иш алып баруу зарыл экенин билдирип, балдардын билим алуусуна өзгөчө көңүл бөлүүгө чакырды.

"Мектеп - бул билим уясы. Адам келечегинин пайдубалынын түптөлүшүнө бирден бир себепчи. Андыктан, мектептерде билим сапатын көтөрүү зарыл болуп турат. Акыркы жылдары Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖТР) катышкан бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 110 баллдан жогору алгандардын пайызы өсүүдө. Мисалы, 2014-жылда 30,7%ды түзсө, ал эми 2016-жылы 54,4% түздү.
Ал эми билим сапаты боюнча 2013-2014-окуу жылында 46,9% болсо, 2015-2016-окуу жылында 50,2% түздү.

Бирок, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына тапшыра келгенде үмүттөр акталбай калууда. Өткөн окуу жылында облус боюнча «Алтын тамгага» тапшырган 95 окуучунун 9у өтсө, быйыл билимин сыноо үчүн катышкан 102 окуучунун 11и гана же 10,7 пайызы ага татыктуу экенин далилдеди”, - деп айтылат билдирүүдө.

А.Кайыпов билим сапатын көтөрүү максатында 2017-жылдын март айында облустук мугалимдердин Коомдук кеңешин түзүү демилгесин көтөрүп, коомдук кеңеш алгачкы кадамын жасап баштаганын билдирди. Алардын бири катары, мугалимдердин иш жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында «Апыш Койчуманов жана Көкөбай Мамбеталиев атындагы кайрымдуулук фонд» түзүлгөнүн маалымдады. “Маалымат катары айта кетейин, агартуучулар арасында Кыргызстан боюнча «Социалисттик Эмгектин Баатыры» наамын 2 гана мугалим алган болсо, экөө тең Нарын облусунан. Булар Апыш Койчуманов жана Көкөбай Мамбеталиев. Бул биз үчүн чоң сыймык. Андыктан, урматтуу агай-эжелер, ата-энелер, балдардын билим алуусуна көңүл бөлүп, туура тарбия берүүгө умтулуңуздар. «Көздүү мончок жерде калбайт» дейт элибизде", - деп сөзүн жыйынтыктады облус башчы.

Быйылкы окуу жылы облустун 141 мектебинде 57 миң 112 окуучу билим алып, 5847 мугалим эмгектенүүдө. 2016-2017-окуу жылын 8 миң 351 окуучу аяктап жатат. Анын ичинен 4 миң 887 окуучу 9-классты, 3 миң 464ү 11-классты аякташты.

Пикир

Оставить комментарий