• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын облусунда оор жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.03.18. /Кабар/. Нарын облусундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 353-чакырымында “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кырсыкка учураган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 14-мартта болжол менен кечки саат 20:30 чамасында катталган. Билдирүүдө айтылгандай, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Учурда каза болгон айдоочунун өздүгү такталууда.

“Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүнкуткаруучулары тартылып, каза болгон айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий