• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусунда өрт кырсыгы 19,1%га азайган - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 8 ай ичинде Нарын облусунда өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 19,1%га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Нарын облусунун аймагында 55 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 8 ай ичинде 68 өрт кырсыгы катталган) өткөн жылга салыштырмалуу өртүн саны 13кө аз болгон. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 3 млн 680 миңден ашык сомду түзүп, (2019-жылы 8 ай ичинде 3 млн 372 миң 315 сом) былтыркы жылга салыштырмалуу 308 миң 675 сомго көбүрөк. Өрттөн 39 млн 720 миң сомдон ашык товардык-материалдык баалуулуктар сакталып калган (2019-жылы 36 млн 710 миң сом).

Өрттүн жалпы санынан 27,3%ы турак жай секторунда болгон жана 1 млн 219 мин 089 сомдук материалдык чыгымды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий