• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери аткарылууда

Аймак 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Нарын облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери аткарылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштерин көзөмөлгө алуу максатында министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков Нарын облусунда жүрөт.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында Нарын облусунун Нарын шаарынын аймагында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан жалпы 60 турак үйлөрдүн короолорун, чарбалык курулуштарын жана унаа жолдорду каптаган.

Жумуштарды улантуу үчүн 2020-жылдын 4-июнь күнү КР ӨКМдин 30 куткаруучусу тартылып, 20 турак үйдүн короолоруна кирген сел агындылары тазаланган. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий