• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусунда спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сатуу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Нарын облусунда спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сатуу аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлери биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында жайгашкан «Арзан» дүкөнүнөн сатууга тийиштүү лицензиясы жок алкоголдук продукцияны сатуу фактысын аныкташты.

Натыйжада ар кандай ассортименттеги 715 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий