• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын облусунда Улуу Жеңиш майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 9-май /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 9-майында, Нарын облусунун аймагында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш чара алгач Нарын шаарынын МДС аймагындагы бакта «Өчпөс отко» гүл чамбарларын коюп, андан соң борбордук көчө аркылуу «Тянь-Шань» паркына чейин «Өлбөс полк» аттуу жөө жүрүш менен башталды. Салтанат аталган парктагы Улуу Жеңишке арналган эстеликтин жанында уланды.
Анда облустук, шаардык жетекчилик, согуш ардагерлери, ооруктун катышуучулары, шаар тургундары катышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов Улуу Жеңиш майрамы менен ардагерлерди куттуктап, согуш майданына катышкан аталардын эрдиктерин дагы бир ирет даңазалоо менен замандаштарын мекенди сүйүүгө, ага ак дилден кызмат кылууга үндөдү.

«Кырк бешинчи жылдын 9-майы – бул Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары үчүн, ооруктун эмгекчилери үчүн, негизи эле эл-журтубуздун жашоосундагы эң кубанычтуу күн. Ар бир жылы Улуу Жеңиш майрамы жолугушуу аянтчасын түзүп, улуу муун менен кичүү муунду тыгыз байланыштырат. Андыктан, Улуу Жеңишти утурлай, Сиздерге чың ден соолук, бейпил жашоо каалайм! Мамлекетибиз тынчтыкта жана бакубат турмушта кылымдар бою жашасын!», - деди облус башчы.

Учурда салтанаттуу иш чаралар ар бир район борборлорунда өткөрүлүүдө. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгына карата улуттук оюндар облустук деңгээлде Нарын районунда өткөрүлүп жатат. Анда тай чабыш, кунан чабыш, жорго салыш, аламан байге жана ордо боюнча мелдеш өтүүдө.

Эске сала кетсек, Совет бийлиги тарабынан душман баскынчылыгына каршы туруу үчүн Нарын жергесинен 18 миң 881 адам чакырылган. Анын ичинен согуш талааларында курман болуп, же дайынсыз жоголгондордун саны 11 миң 547 адамды түзсө, 7 миң 334 адам кайтып келген. Ал эми Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн «Советтер Союзунун Баатыры» наамы Нарын облусунан Дайыр Асанов жана Анвар Чортековго ыйгарылган.
Бүгүнкү күндө облус боюнча 24 согуш ардагери, 78 оорук эмгекчилери, ошондой эле, 203 согуш ардагерлеринин жесирлери бар.

Пикир

Оставить комментарий