• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусунда залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда залалсыздандыруу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 22-май күнү ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 2 075 чарчы метр имараттын ичи, жана 8 000 чарчы метр имараттын сырты жана 2200002 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланып, ага жалпысынан 11 741 кг хлор сарпталган. Иш чарага 7 техника жана 29 кызматкер тартылган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп топтоло турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий