• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунда жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Нарын облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 28-апрелде болжол менен саат 19:21де катталып, очогунда күчү 2,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кочкор районунун Арсы жана Семиз-Бел айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий