• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарындын Кеңеш айылындагы мектептин курулушу жыл аягына чейин бүткѳрүлѳт

Аймак 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Нарын облусунун Нарын районунун Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы мектептин курулушу 2019-жылы башталган.

Жаңы мектеп 2-кабаттуу окуу корпустан, ашкана, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1281,8 чарчы метр болгон билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 150 окуучуга эсептелген.

Бүгүнкү күндө объект 85%га даяр болуп калды. Подряддык уюм тарабынан сантехника жабдууларын орнотуу иштери бүткөрүлүүдө, откананын, көмүр сактоочу жайдын курулушу аяктоо алдында турат. Ошондой эле мектептин аймагын көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 57 млн 937 миң 138 сомду түзөт. Быйылкы жылы объектти бүткөрүү үчүн 24 млн 737 миң 100 сом бөлүнгөн. Аталган объектти 2021-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий