• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын облусундагы көмүр казган ишканалардын кышка даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитетинин атайын түзүлгөн жумушчу тобу Нарын облусундагы көмүр казган ишканалардын кышка даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, комитеттин башчысы Эмил Осмонбетов баштаган жумушчу топ казылып алынган көмүрдүн көлөмүн жана бюджеттик мекемелерди, калкты көмүр менен камсыз кылууга отун жетиштүү деңгээлде болоорун текшеришти.

"Кара-Кечедеги Кабак бассейнинде 17 компания иштейт. Алардын 16сы жеке, бирөөсү мамлекеттик "Кыргызкөмүр" ишканасы. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилинде Кара-Кечеден Бишкек ЖЭБине 680 миң тонна көмүр алып келиниши керек. "Кыргызкөмүр" ишканасы 550 миң тоннаны ташып бүтүрдү", - дейт Осмонбетов.

Анын айтымында, өлкө боюнча 2,5 миллион тонна көмүр даярдалышы зарыл. Алардын 236 миң тоннасы бюджеттик мекемелерге, 1,124 миллиону калк үчүн жана 1,14 миллион тонна борбор калаадагы ЖЭБге.

Пикир

Оставить комментарий