• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгү табигый кырсыктардан жабыркагандарга жардам берет

Аймак 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүнүн жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн жыйынтыгында жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында бир күндүк айлык маянасын которуп берет. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, мындай чечим Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун сунушу менен өкүлчүлүктүн аппаратынын профсоюздук жыйналышында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий