• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Нарын: Шайлоо участокторунда өрттү алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Нарын облусундагы шайлоо участокторунда өрттү алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-сентябрь күнү ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Нарын шаарындагы жайгашкан жалпы 21 шайлоо участкасынын ичинен 4 шайлоо участкасына коронавируска каршы залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле аталган шайлоо учатокторунун комиссия мүчөлөрүнө өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт өчүрүү шаймандарын колдонуу эрежелери менен тааныштырылды.

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде жер-жерлердеги шайлоо участокторунда өрт коопсуздугун алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий