• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Нарында тоо-кен иштетүүгѳ уруксат алган ишканалар саны 180ге жеткен

Аймак 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. 2017-жылдын 5-июлунда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын облусунун аймагынан тоо-кен иштетүүгө лицензия алган ишканалардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Жыйынга КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азис Сапаралиев, КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын ѳкүлү Имар Эргешов, райондордун акимдери, Нарын шаарынын мэри жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышты.

Күн тартибинде облус аймагында иш алып барууга лицензия алган ишканалардын так санын жана багыттары боюнча маалымат алуу, ошондой эле ишканалар менен жергиликтүү элдин ортосундагы мамилелер боюнча маселелер каралды.

Жыйынды алып барган А.Кайыпов тоо-кен иштетип жаткан ишканалардын облустун экономикасына тийгизген таасири жѳнүндѳ маалымат берип, ошондой эле ар биринин иштѳѳ айырмачылыктары боюнча пикирин айтты. Кѳйгѳйлѳр жаралбашы үчүн ишкерлерди жергиликтүү бийлик менен чогуу иш алып барууга чакырып, аны менен катар жыйынга келбей койгон ишкана ѳкүлдѳрүн сынга алды.

«Эки жылдан бери тоо-кен иштетүүгѳ лицензия алган ишканалар менен жолугушуу ѳткѳрүп келебиз. Себеби, ишкерлер менен жергиликтүү калктын ортосундагы мамилени чыӊдоону жана биргеликте иш алып барууну кѳздѳйбүз. Айрым учурларда жергиликтүү эл менен лицензия алган ишканалардын ортосунда келишпестиктер чыгууда. Кээ бир ишканалар эл менен байланыш түзбѳй, иш баштаган учурлары жергиликтүүлѳрдүн нааразычылыгын жаратууда. Облус аймагында 180 лицензия бар деп айтылды жыйында. Бирок, бүгүн теӊинен кѳбү жыйынга келбептир. Мындай мамилелерине түшүнбѳй турабыз», - деди облус башчы.

Сѳз кезегин алган А.Сапаралиев Нарын облусунда тоо-кен иштетүүгѳ уруксат алган ишканалар саны 180ге жеткенин маалымдады. Алар 3 багытта берилген: изилдѳѳгѳ, чалгындоого жана казып-иштетүүгѳ. Ар бир район боюнча алганда Ак-Талаа районунун аймагында 31 лицензия, Ат-Башы районунда – 27, Жумгал районунда – 48, Кочкор районунда - 26, Нарын районунда – 46, Нарын шаарында – 2.

Суроо-жооп бѳлүгүндѳ район башчылары жана айыл ѳкмѳт башчылары КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине суроо узатышты. Алар, бир жактуу гана мыйзам долбоорлору, аукциондо айыл ѳкмѳттѳрдүн добуш берүү укугун кароону, ишканалардын жергиликтүү бюджетке акча которуулар кайсыл ишкана, канча каражат берип жатканы белгисиз болгондуктан, ачык-айкындуулугун жолго салып берүүнү сурашты. Ошондой эле айрым ишканалар лицензияны алганы менен, аны он жылдап иштетпестен алып-сатуу аракетин кѳрүп жүрѳт деген жүйѳлѳрдү айтып, чара кѳрүп берүү маселесин коюшту. А.Сапаралиев сунуштарды эске алып, чечүү жолдорун карашаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий