• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын облусунун аймагында 15 объектиде алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында 15 объектиде алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-апрелинен 12-июлуна чейинки мезгил аралыгында Нарын облусунун аймагында 15 объектиде алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин жыйынтыгында 509 турак жай, 1 мектеп, 1 ФАП, 50 га жер аянты, 100 көрүстөн жана ички унаа жол сел каптоодон жана суу ташкындарынан корголду.

2020-жылга карата Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштары боюнча Нарын облусунан болжолдуу-планына 22 объектиде тиешелүү жумуштарды аткаруу жагы сунушталган.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты - “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2020-жылдагы Болжолдуу-планына Нарын облусунун аймагынан 19 обьектиде жумуш аткаруу сунушталып, бекитилген.

Иш-чарага КР ӨКМдин Ысык-Көлдөгү базасынан, Түндүк борбордон, Жарандык коргонуу кызматтарынан жана айыл аймактардан техника каражаттары тартылды.

Пикир

Оставить комментарий