• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында "Антирэкет, укук бузуучулукка каршы" аталыштагы алдын алуу иш-чарасы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында "Антирэкет, укук бузуучулукка каршы" аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нарын га чейин "Антирекет, укук бузуучулукка каршы" аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасын өткөрүү боюнча саптык тизилүү облустук милициянын начальниги Алмазбек Жумабековдун катышуусу менен өткөрүлүп, буйруктар окулуп, нускамалар, тапшырмалар берилди.

“Акыркы талдоолор көрсөткөндөй, Нарын облусунун аймагында, өзгөчө Нарын шаарынын аймагында жашы жете электердин арасында кылмыштар өсүп жаткандыгына байланыштуу окуучулардын окууга катышуусу, окуудан тышкары убакта эмне менен жана кандай иштер менен алек болуп жаткандыгын тыкыр көзөмөлгө алуу керек.

Ошондой эле мектеп администрациясы менен макулдашуунун негизинде окуучулар арасында тыюу салынган жана коркунуч туудура турган буюмдарды алып жүрүүсүнө бөгөт коюу, мектепти себепсиз калтырган окуучуларды аныктоо жана аларды окууга тартуу, жаш жеткинчектерге туура багыт көрсөтүү, жогорку класстын окуучуларына туура кесип тандоо боюнча так жана жеткиликтүү маалымат берүү учурдун талабы болуп жатат. Ошондуктан Нарын облусунун аймагында жашы жете электердин арасында алдын алуу иштерди күчөтүү керек экендигин баса белгилейм”, - деди Алмазбек Жумабеков.

Бул иш-чара 500 чукул милиция кызматкерлеринин жана шаар, райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий