• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ 28-апрелде Нарын облусу боюнча 18 398 чарчы метр имараттын ичи жана сырты, 122 500 погондук унаа жолдор залалсыздандырылган. Иш-чарага 6 техника жана 19 куткаруучу кызматкер тартылган, жумуш улантылууда.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чара ӨКМ тарабынан республиканын бардык аймактарында күн сайын аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий