• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунун аймагында суу каптоону алдын алуу чаралары көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Күн жылып абанын температурасы жогорулаганына байланыштуу облустун аймагындагы дарыя, суулардын деңгээли көтөрүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 15-майында Нарын облусунун Жарандык коргонуунун башчысы-Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкамалыгынын башчысы Токтобек Шонкоев, Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев жана тиешелүү мекеме ишкананардын жетекчилери менен биргеликте Ат-Башы районундагы Ат-Башы суусунун кооптуу аймактарын кыдырышты.

Иш сапардын жүрүшүндө облус башчы Ат-Башы суусунун Кара-Суу айылындагы «Кирпич заводу», «Тянь-Шань», «Базар» участокторундагы, Баш-Кайыңды айылындагы Кайыңды суусунун жээктерин бекемдөө иштери менен таанышты.

Суунун агымы адатта секундасына 35-45 м3 болсо, учурда секундасына 120-150 м3 түзүүдө. Ат-Башы суусунун жээктерин бекемдөө үчүн жарандык коргонуу комиссия мүчөлөрү жергиликтүү тургундар менен биргеликте иш алып барууда. «Кирпич заводу» участогунда жайгашкан 3 турак-жайга жана айдоо аянтына коркунуч жаралган. 18-апрелден баштап суунун нугун буруу иш-чарасы жүргүзүлүп, 11-майдан тарта 144 габион торчолору коюлган. Ал эми «Базар» участогунда Ат-Башы суусунун нугун буруу, дамба куруу иштери жүргүзүлгөн.

А.Кайыпов Ат-Башы айылындагы «Тянь-Шань» участогундагы дамбага жакын жайгашкан турак-жайлардын абалын көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Анда белгилүү болгондой, жер алдындагы суулар 30 см чейин көтөрүлгөндүктөн 69 үйдүн короосун жана үйлөрдүн жертөөлөрүнө чейин суу кирген. Облус башчы аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, «Тянь-Шань» участогунун 350 метр суу жээгинде бекемдөө иштери башталаарын билдирди. Бирок табийгаттын мындай көрүнүштөрү менен Жарандык коргонуу, ӨКМдин гана иш алып баруусу жетишсиз экенин айтып, алдын алуу иштерине жергиликтүү эл жардам берүүсү зарыл экенин баса белгиледи.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунун аймагында дарыя, суулардын саны 10 болсо, суу каптоо коркунучу бар 27 кооптуу участогу катталган. Алардын жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМ тарабынан 11 миң литр күйүүчү май жана 9 миңден ашык габион торчолору, 8 миң кап даярдалган. Ал эми ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча облустагы айыл өкмөттөр тарабынан 2017-жылга 3 млн сомдон ашык каражат каралган.

Пикир

Оставить комментарий