• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 19-январь күнү саат 08:38де Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек, Ак-Чий, Баетов, Байганчек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий