• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-августта саат 04:13тө Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Ат-Башы районунун Большевик, Биринчи Май, Талды-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий