• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын облусунун бардык айылдарына санитардык-карантиндик посттор коюлду

Аймак 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Нарын облусунун бардык айылдарына санитардык-карантиндик посттор коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, жарандар зарыл болбогон учурда эч ким эч жакка чыкпашы керек.

"Облуска кире бериш аймактарга: Кочкор районундагы Сары-Чат, Жумгал районундагы Арал жана Ак-Талаа районундагы Актал-Чат аймактарында 20-марттан бери санитардык-карантиндик посттор иш алып барууда. Бүгүн, көзөмөлдү күчөтүү максатында мындай посттор райондук штабдардын чечими менен ар бир райондо жана айыл өкмөттөрүндө, ошондой эле Нарын шаарында уюштурулуп, кирген-чыккандарды көзөмөлгө алууда", - деп билдирет өкүлчүлүк.

Өкүлчүлүктүн билдиргени боюнча, санитардык-карантиндик посттордон азык-түлүк, дары-дармек, жазгы талаа иштерине зарыл болгон каражаттарды алып өтүүгө жана жарандарга ден соолугуна байланыштуу гана өтүүгө уруксат берилет.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий