• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунун башчысы соода түйүндөрүнө барып, бааларга байкоо жүргүздү

Аймак 0


Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Кечээ, 15-мартта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев шаар мэри жана тиешелүү тармактардын жетекчилери менен бирге Нарын шаарындагы соода түйүндөрүн кыдырып, азык-түлүк бааларына жана сакталуу мөөнөтүнө мониторинг жүргүздү.

КР президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, соодагерлер менен баарлашууда азык-түлүк бааларын эмне себептен көтөрүп жатышканын сурап, элге каралашуулары керектигин түшүндүрдү. Баарлашуу учурунда соодагерлер азык-түлүктүн кымбаттап кетишине Бишкектеги дүң соода түйүндөрүндө баа көтөрүлүп кеткени жана жол киренин кымбаттаганы себеп болуп жатканын айтып, айла жок үстүнө 5-10 сомдон кошуп сатып жатканын билдиришти.

Рейд учурунда облус жетекчиси бааларды негизсиз көтөргөндөргө мыйзам чегинде чара колдонулаарын эскертти.

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин аракети менен жакынкы күндөрдө Нарын облусуна кили 65 сомдон 80 тонна шекер, ошондой эле литри 124 сомдон 40 миң литр суу май алынып келинип, атайын уюштурулган жарманкелерде жана дүкөндөрдө өз баасында сатылат.

Жарманкелерди уюштуруу боюнча дүң соода кылган ишкерлер менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Андыктан эл-журтту сабырдуу болууга чакырабыз. Азыр бардык дүкөндөрдө азык-түлүктүн кору жетиштүү. Элдин дүрбөлөңгө түшүп, көп өлчөмдө азык-түлүктөрдү сатып алуусу албетте соодагерлердин бааны кымбаттатышына алып келүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Нарын шаарындагы соода түйүндөрүндө 1 кг кумшекердин баасы 65 сомдон 95 сомго, 1 литр суу май 140 сомдон 180 сомго көтөрүлгөн. Ал эми бир кап ун 200 сомго чейин кымбаттап, 1800-2200 сомдон сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий